25-июнда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутаты Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлигине 86 депутат "макул", 8и "каршы" деп добуш берди.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы - Наталья Никитенко ("Ата Мекен"), анын орун басары - Искендер Матраимов (КСДП).
Cамаев Урматбек Обозбекович 1986-жылдын 25-майында Чүй районунун Онбир-Жылга айылында төрөлгөн.
2004-жылы Чүй районундагы №2-орто мектебин бүтүргөн.
2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын Юриспруденция факультетин бүтүргөн.
2006-2007-жылдары Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв мектебинде бокс боюнча тренер.
2012-жылдан 2015-жылга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты.
2016-жылдын январь айынан баштап Жогорку Кеңештин депутаты.
“Келечек” жаштар кыймылынын Лидери жана Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк бөрү” федерациясынын президенти.
2018-жылдын 5-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын "Көк бөрү" федерациясынын вице-президенти.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Быйыл январь айында Токмоктогу атышууга Самаевдин тиешеси бар экени айтылган. Өзү бул маалыматты четке каккан.