Жарандык активист Гүлжигит Исаков: "Элдин аң-сезими өзгөрдү, эки достун тиреши жарандык согушту чыгара албайт". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду. Мындан улам SUPER.KG порталы "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген собол салды.

Бул суроого жарандык активист Гүлжигит Исаков жооп берип, эки достун тирешинен эле эл экиге бөлүнүп, жарандык согушту жаратып жиберет деген ойдон алыс экенин билдирди.

"Таразанын бир тарабында элдин тагдыры, экинчи тарабында эки достун тиреши турганда, албетте, таразанын ташы элдин тагдыры тарапка оошу керек. Бул жерде тирешке эмес, улуттун, элдин кызыкчылыгына көбүрөөк маани бериш керек. Тиреш жарандык согушка алып келет дегенден алысмын. Фанаттарды эске албаганда жалпы элдин көбү акча үчүн өзүнүн жанын бере койчу абалда эмес. Азыр саясат институту аброюн жоготту, саясатчылардын кадыр-баркы аябай төмөндөп кетти. Буга ууру-кески, эски саясатчылардын "салымы" чоң. Эл азыр күтүү режиминде турат, бир тарапка ооп кетпейт, саясатта көпчүлүгү окшоштугун, ууру-кескилер бардык жерде бар экенин көрдү. Андыктан жарандык согушка барат деп ойлобойм.

Экинчи тараптан мыйзамдын үстөмдүгүнө басым жасашыбыз керек. Соттун чечиминин негизинде гана кылмышкер же кылмышкер эмес деп айтуу туура. Буюрса, өнүгүү жолуна бара жатабыз, элдин аң-сезиминин өнүгүп жатканы - чоң жетишкендик. Биз алдыда да жарандык согуш дегенден алыс болобуз деп ишенем", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан