Быйыл таза суу көйгөйүн чечүүгө бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 миллион сом бөлүнөт

Өлкөдө таза суу көйгөйүн чечүүгө 2019-жылы бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал таза суу көйгөйүн чечүү жаатында бир катар эл аралык каржы уюмдары көмөк көрсөтүп келе жатканын баса белгиледи. "Өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн калкы таза суу менен камсыз болууга тийиш. Бирок азыркы учурда өлкө аймагындагы 584 айылда таза суу тартыштыгы бар. Мындай көйгөйдү чечүү максатында быйыл бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 миллион сом бөлүнөт.

Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сыяктуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү - гранттык жардамдар. Биздин өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы бөлүп келет", - деди Кубатбек Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан