Шаар тургуну: "Эки баламды урган адам жазасыз жүрөт. Балдарымдын баш мээси чайкалып, биринин кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен"

Эки баламды урган адам жазасыз жүрөт. Уулдарымдын баш мээси чайкалып, биринин кулагынын тарсылдагы жарылып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда SUPER.KG порталына балдардын апасы Гүлзат Жумакова билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июнь күнү кечки саат 20:00дөр чамасында Жал кичи районунда орун алган. Анда эшикте ойноп жаткан балдар урушуп, Эрбол жана Ыйман аттуу баланын ортосунда пикир-келишпестиктен улам жакалаша кетет. Алардын ортосуна арачы болуп 10 жаштагы Акыл (Ыймандын байкеси) урушту токтотууга аракет кылат.

"Бул арада Эрболдун 25 жаштагы Бексултан А. аттуу агасы келип 9 жана 10 жаштагы эки уулумду ур-токмокко алат. Чоң баламды кулак түпкө чапканда жерге кулап түшүп, кулагым деп кыйкырып ыйлап калыптыр, аны кошунанын балдары да көргөн. Мен ал учурда үйдө камыр жайып жаткам, чуркап чыксам эле баламдын кулагы шишип, көк болуп чыгыптыр. Ал "апа кулагым укпай жатат" деп ыйлап жатты. Чуркаган бойдон кошунаныкына жөнөдүм, үйдөн алардын атасы чыгып "эмне болду?" деди. Эмне себептен эки уулумду анын үй-бүлөлүү 25 жаштагы баласы сабап койгонун сурадым. Ага "Өздөрү күнөөлүү, ошол үчүн сабады! Жөн эле ура бербейт" деп жооп кайтарды.

Маселе чечилбей турганына көзүм жетип милицияга чалдым. "Тез жардам" менен эки балам балдар ооруканасына жеткирилди. Натыйжада Акылдын баш мээси чайкалып, кулагынын тарсылдагы жарылып кеткен, ал эми Ыймандын баш мээси чайкалган. Милицияга арыз менен кайрылганбыз, бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыга элек. Балдарым азыр ооруканада жатат, милиция соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча эч нерсе кыла албайбыз деген шылтоону айтууда. Баламдын кулагы укпай азыр ооруканада жатабыз, дарыгерлер дагы 1 ай жатат деп айтууда. Ошондо 1-2 ай орууканада жатсак деле иш ордунан жылбай тура береби? Милицияга кечээ ооруканадагы аныктамаларды алып барсам, толтурулган документтерде баш мээси чайкалган баламды эле жазып коюшуптур. Башкача айтканда эки уулумду сабаган жаранды айып пул салып чыгарып салганы жатышат. Эмнеге? Менин уулумдун кулагы укпай калды десем "жыйынтыкты күтөбүз" дешет. "Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн" деген заман болуп калганбы?" - дейт ызаланган эне.

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББине кайрылганыбызда төмөнкү жоопту алдык:

"20-июнь күнү 102 кызматына шаар тургунунан эки бала сабалганы боюнча билдирүү түшкөн. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 65-берене "уруп-сабоо" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы күтүлүүдө",- деп билдиришти.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын да пикирин угуп, чагылдырууга даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2019-06-29 05:58:52
Эне катары да, кулагынын тарсылдагы жарылган 10 жашар баланын келечек таглыры учун да (Тарсылдак жарылган сон бутту укпай калуу коркунучу 100%) айтаар элем: Жашы 25те болсо , уй-булоолуу болсо кылган кылмышы учун жооп берсин!
Койгула деп элдештиргендин ордуна кол которгон, демек Жашы 25те болсо да ан-сезими 10 жаштагы бала экен го.
Эненин баласына кайгырып эч качан коз жашы тогулбосун замандаштар?!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан