Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору болуп Салкын Сарногоева дайындалды

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору болуп Салкын Сарногоева дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министр Азамат Жамангулов кол койгон.

Аталган департаментти 2014-жылдан бери Бактыгүл Ноорузбаева жетектеп келген. Ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Салкын Сарногоева буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан