Каракол шаарында 4 жашар бала Кайырма суусуна агып кетти. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-июнда түшкү убакта болгон.
"Бала Кайырма суусунун жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен. Наристенин жансыз денеси жакынкы Ак-Суу районунун Жолколот айылынан туугандары тарабынан табылды. Жеринде ӨКМнын кызматкерлери жана укук коргоо органдары иш алып барышууда", - дейт маалымат кызматынан.