Ошто кайненеси менен уруша кетип, өзүнө бычак сайган келин ооруканадан чыга элек

Ош шаарында кайненеси менен уруша кетип, өзүнө бычак сайган келинге ооруканага түшкөн күнү эле операция жасалган. Азыркы тапта ооруканада дарыланып, үйүнө чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБи билдирди.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын Ош ШИИБинен кошумчалашты.

Буга чейин 26-июнда Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө дарыгерлер 30 жаштагы келин миздүү нерсе менен денесинен жаракат алып түшкөнүн билдирген. Ооруканага барган ыкчам-тергөө тобу келиндин денесине сырттан кароо жүргүзүп, тийиштүү экспертизаларды дайындашкан. Келин алгачкы суракта 58 жаштагы кайненеси экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен кийин өзүнө бычак сайганын айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2019-06-29 03:25:54
Озуно эле кыйын да,же кайненени ошентип коркутуп койоюн дединби,кийин эркелетип суйлой турган болсун де
+1
MEN95
2019-06-29 11:32:27
Лолу тарынса куржунуна зыяын. Озуно бычак сайып озундун эле ден-соолугунду жедин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан