Боом капчыгайында эски граффитинин ордуна Кыргыз жеринин кооздугун даңктаган сүрөт тартылат

Боом капчыгайында Кыргыз жеринин кооздугун даңктаган сүрөт тартылат. Бул тууралуу коомдук ишмер Мирлан Асакеев билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта долбоорду каржылай турган демөөрчүлөр изделүүдө.

"Буга чейин Боом капчыгайында "Эээ кандай?" деген жазуусу бар граффити тартылган. Аталган сүрөттө бизди кемсинткен, өнүктүрбөгөн, мазактаган элементтер, түшүнүктөр берилген болчу. Сүрөттү тарткандардын бири Сергей Келлердин айтканындай эле кыргыз коомчулугу бул сүрөттү жактырбай, кабыл алышкан эмес. Сүрөттү биздин профессионалдуу сүрөтчүлөрүбүз Сергей Келлер менен Дмитрий Петровский чет элдиктер менен чогуу тарткан", - дейт Асакеев.

Коомдук ишмердин айтуусунда азыркы тапта сүрөт толугу менен өчүрүлдү, анын ордуна сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин эмгектеринин бири тартылат.

"Көптөгөн чет элдиктер өткөн бул жолдо кыргыздын дүйнөсүн жана маданиятын чагылдырган чыгарма турушу керек. Ал жерден канчалаган туристтер өтөрүн эске алалы, ал жер биздин жүзүбүз, ошондуктан элге жаккан жакшы сүрөт тартылышы керек. Азыркы тапта демөөрчү издеп жатабыз, каржы маселеси чечилсе эле чебер сүрөтчүлөр сүрөт тартууну башташат", - деп кошумчалады Асакеев.

Эске салсак, жогоруда айтылган граффити 2015-жылы “DOXA Art-group” тобу тарабынан партиянын буюртмасы менен тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан