Ысык аба ырайына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүнө саат сайын суу чачылууда

"Тазалык" муниципалдык ишканасы ысык аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарынын көчөлөрүнө саат сайын суу чачууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта жалпы 8 суу чачуучу унаа иштеп жатат.

"Азыркы тапта унаалар​ ​Абдрахманов, Чүй,​ Шопоков, Ибраимов,​ Фрунзе, Москва,​ Токтогул,​ Киев көчөлөрүндө суу чачып жатат. Башка көчөлөргө да суу чачылат. Суу чачып тазалоо түнкү убакытта да болот. Алар саат түнкү 2-3төрдө башталып эртең мененки 7ге чейин уланат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Шаар жетекчилиги тургундарга ысык аба ырайына байланыштуу бардык коопсуздук эрежелерин сактап, ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.

Бишкектин көчөлөрүнө саат сайын суу чачылып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Arman7
2019-07-01 19:39:20
Саат сайын эмес бир эле жолу
+1
Romantik.
2019-07-01 19:40:45
Москвада кичинекей көчөлөргө, подъездин алдына деле, үйлөрдүн ортолорундагы жолдорго деле чача берет күн сайын
0
Bekboloooot
2019-07-01 20:13:28
Romantik.,тем более Москвада жамгыр жаап жатсада чачышат кулкунду келтирип бекерчилер'

+4
Azatbek.Svoboda.
2019-07-02 15:45:48
Romantik.,пил менен кумурсканы тенегендей болупсунда.
0
Suzak12
2019-07-01 20:22:17
Бишкектен башка жактагылар чачса болбойбу же эмне башка областарда кун ыссыбай элеби?
+5
trabzon11
2019-07-02 16:36:28
Suzak12,алаиудундо чоп орттонуп атат.ошону
Очуруш керекда.сууну коромду кылба
0
Kroxa
2019-07-03 23:13:43
4.5 кочо борбордук болгону учун башка жолдорго чачылбай калсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан