Эжесинен качып Ошко кетмекчи болгон 7 жана 11 жаштагы кыздарды багуудан атасы баш тартты

Бишкектеги автобекетке келип Ошто жашаган атасына жеткирип коюусун суранган 7 жана 11 жаштагы кыздардын атасы аларды багуудан баш тартты. Ал эми Акыйкатчы институту кыздарды балдар үйүнө жайгаштыруу үчүн тийиштүү органдардан жардам сурайт. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыздардын атасы жарым жылдан бери Ош шаарында эмес, борбордо эле жашап жүргөн. Бул убакыт ичинде ал кыздары менен көрүшүүнү каалаган эмес. Анын туруктуу иштеген иши жок жана спирт ичимдиктерин ичери белгилүү болгон. Ал эми кыздарды буга чейин багып келген эжеси да аларды багуудан баш тарткан.

Кыздар эжеси аларды колуна эмне тийсе ошону менен чаап, балдар үйүнө өткөрөм деп дайыма коркутуп келгенин айтып беришкен.

Кыздар учурда ден соолукту чыңдоочу лагерлердин биринде жашап жатышат.

Окуянын чоо-жайы:

20-июнь күнү саат 21:00 чамаларында Бишкектин Батыш автобекетине жашы жете элек 7 жана 11 жаштагы эки кыз келип, айдоочулардан Ошто жашаган атасына жеткирип коюусун суранышкан. Окуя болгон жерге акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева барып, айдоочулар жана кыздардын өздөрү менен жолуккан. Кыздар менен сүйлөшүүдө, алардын апасы каза болуп калгандыктан Бишкекте эжеси менен жашаары, атасы Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашай турганы такталган. 11 жаштагы кыз ыйлап, кайра эжесине кайтарып бербөөнү суранган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
katerina.li
2019-07-02 10:59:23
Энеден кийин торкун жок деген ушул экенда. Апасы болсо кыйналса дагы ,кысталса дагы эптеп багып чонойтмок эле. Кыргыздар озубузду айколбуз,боорукер берешенбиз деп айга кунго тенеп мактайбыз. Жетим балдарды илгери эле кордоп чонойтушкан туугандары. Ырчы Саламат Садыкова кандай кордук коруп чонойгонун ушу суперге ыйлап айтып берди эле . Жетимдиктин азабын жакшы эле тарттым деп.
+27
daniel87
2019-07-02 11:07:04
katerina.li,Айколбуз, берешенбиз, боорукербиз деп айтсаныз ойлонуп кеттим, балким мурунку поколения ушундай болсо керек деп деп бирок кечиресиз бугунку кундо булардын бизден бирин издеп таба албадым, азыркы учурда бир тууган га бир тууган карызга акча берет, акчан болсо баары башкача мамиле кылат тордо отурасын, туура эмес болсо да сенин созун туура! Кичине турмуштан тая кетсен эн жаман эле сенсин!жашым улгайган сайын адамдардын чыныгы жузун коруп журогум ойулот.
+13
katerina.li
2019-07-02 11:09:49
daniel87,аныныз туура. Менин туугандарымдын арасында да бар,только акчалуу адамдар менен мамиле тузгондор. Акчасы аз,жашоосу начар адамдарды киши катары корушпогон.
+16
Siren.ms
2019-07-02 11:05:52
Багып алса болот бекен кыздарды кимге кайрылса болот
+21
asefsa
2019-07-02 11:08:53
Ошол учун энелуу жетим эрке жетим,аталуу жетим арсыз жетим деп айтылат экенда.Энеден койбосунда
+17
zhykyo
2019-07-02 11:23:02
Атасы тируу жетим деп айтылбайт
-11
katerina.li
2019-07-02 11:35:41
zhykyo,дагы не деп айтылбайт. Акылдуу боло бербечи. Кана ощол атасы жетим кылбай бакканы. ?? Отказ кылыптырго бакпайм деп.
+11
zhykyo
2019-07-02 11:44:36
katerina.li,Акылдуу болгон жокмун негизин ошондой .
-8
Jasa
2019-07-02 17:36:29
zhykyo,жарым жетим болот
-1
taoni
2019-07-02 21:46:25
zhykyo, Тируулой жетим деп койсок болот бул кыздарды
0
Avrora2017
2019-07-02 11:28:36
Ата эмес ХХХХХ экенго бир шаарда туруп кыздары менен жуз корушпосо, кыздары атам бар деп жашап жургону менен иши жок, ушу кыздар аман эсен чонойуп билим алып буттарына туруп козго корунуп калышканда издеп келер кыздарым эле деп бетин былтыйтып
+8
nur...nur.
2019-07-02 11:30:33
Акыры умутунда атасы узуптурда ата болбой жерге кирге аракты биринчи орунга койгон аракет кылып бакпайсынбы ар кимдин козун каратпай
+13
KUMKA
2019-07-02 12:01:58
Урматуу Мекендештер! Бул кабарды окуп алып жумуш кылгым келбей маанай тушуп отурат. Качан кыргыз кыз баланы кор тутчу эле? Атасы мейли ХХХХХХ ХХХХХХ катарына кошулуп калган эки бутту жандык экен...А башка туугандары кайда?? Силердин канынардан жаралган балдарго??.Озун жакшылык корбосон да бироого жакшылык кылсан канча сооп табасын... Мекендештер эгер мумкунчулугу барлар багып алууга аракет кылсаныздар,апасынын арбагы ыраазы болсо керек. Жакшылык кылалы, кол суналы мумкунчулугу барлар..
+17
raykray
2019-07-02 12:02:41
Атама барсак тынч жашайбыз дегендериго байкуштарым,эх
+18
ulaAjidar
2019-07-02 12:47:36
Мага берсе багып алмакмын..
+9
Ruslan-bel-oruk
2019-07-02 14:19:21
ulaAjidar,аракет кылсан беришет Мининда ичим ачышып кети Колундан келсе бак мумкунчулугун болсо
+4
Tolkun555
2019-07-02 13:29:02
Мага бергиле мен багып алам. 2 кызыма кошуп бар 4 тоо болот.
+4
portugalia
2019-07-02 13:41:42
Кандай адамдар экен балдарга кошкөңүл карашкан?Ошол кыздар эртең чоңоюп жакшы адам болуп чыгышса туугандары ар тараптан чыгышмак.Менин тууганым дешип.Оорчулуктары деле тийбесе керек чоңоюп калышыптыр.
+7
Muratmipa
2019-07-02 14:27:28
Эээээ мага эле бергилечи мен эле багып алат элем эки кызым бар 4 кызым болот
+3
Paprikafm
2019-07-02 15:46:24
Билесинерби бир макала чыккан элего бир жигитти туугандары багуудан баш тартып балдар уйундо кыйналып чоноюп, кийин бутуна туруп абройлуу болуп калганда ар тараптан туугандары чыгып мен тууганын болом десе, жигит акылдуу экен, баш тартып койдум деген, убагында карабаганы учун
+6
katerina.li
2019-07-02 17:17:32
Paprikafm,ушундай окуяны Саламат Садыкова эже дагы озу жонундо айтып берген маектеринде
+3
Agayu
2019-07-02 17:34:23
Жараткан Аллах Таала баарыбызга ыйман бере көр ! Бир гана дуа менен гана Кыргыз элим оңолот.
+5
Enjela
2019-07-05 13:21:18
кантип багып алса болот экен?бизде кыз бала жок уч балама эже болушат эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан