Орусиянын суу каптаган Иркутск облусунда жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жогу такталып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"Алгач берилген маалыматтарда жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экени аныкталган. Азыркы тапта тактоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Байымбетова.
Элчиликтин өкүлүнүн билдиргенине ылайык, азыркы тапта Иркутск облусунда жалпы 7 миңге жакын Кыргыз жараны жашап, эмгектенет.
Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам 12 адам каза болуп, 9 адам дайынсыз болууда. Кырсыктын кесепетинен 6 миң 700 турак жай, мектеп, оорукана жана социалдык мекемелер суу алдында калды. Жалпысынан табигый кырсыктын кесепетинен 751 адам жабыркап, 153 адам ооруканага жеткирилген.