Улуу Британиянын Лондон шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын Шардж эмирлигинин башкаруучусунун уулу шейх Халид бин Султан аль-Касими 39 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шейхтин сөөгүн Лондондогу үйүндөгү жуунуучу бөлмөсүнөн табышкан. Анын жанында ийне саюучу каражаттар жана колуна байланган галстук болгон. Өлүмдүн себеби азырынча белгисиз.
Окуядан улам Шардж эмирлигинде үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
2008-жылы Халид бин Султан аль-Касими Qasimi брендин негиздеген. Ал эмир Султан бин Мухаммад аль-Касиминин уулу. Эмирдин улуу баласы 1999-жылы 24 жашында баңгизатын ашыкча колдонуп каза болгон.