Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу боюнча 100дөн ашык адам суралды

Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу 100дөн ашык адам суралды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарылуунун себеби азырынча так аныктала элек. Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу, электр тогу, тез жалбырттоочу буюм-тайымдардын күйүшү, ошондой эле шалаакылык өңдүү бир канча божомол каралып жатат. Ал эми буга жооптуу кызматкерлерге укуктук баа иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканда гана берилет.

Эске салсак, 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу болуп, анын кесепетинен 3 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан