
Италиянын Стромболи аралында жанар тоо атылып, 2 турист каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, каза болгон туристтер тоого сейилдегенге чыккан. Айрым туристтер аман калыш үчүн Тиррен суусуна кире качышкан.
Окуянын күбөлөрү билдиргендей, алгач жарылуу болгондой катуу үн угулуп, андан соң аралга майда таштар жаап, асманды күл каптаган.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен улам бир нече райондо өрт чыккан.