Баткендеги Ак-Сай айылында Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып, Кыргыз жараны ооруканага жаткырылды

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасында учурда абал туруктуу.

"Кечээ, 3-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан газ толтуруучу станциянын ээсин Тажик жараны сабап салган. Сабалган жаран кыргыз болгон. Уруштун келип чыгуу себеби, Тажик жараны газ саткан кыргыз жаранына мындан кийин Тажик жарандарына газ сатууну токтотууну талап кылган. Ортодон чыккан чырдан 55 жаштагы Ж.Ж. аттуу кыргыз жаранын башына чапкан. Ал алган жаракатынан улам Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми сабап салган Тажик жараны качып кеткен. Мындан улам Ак-Сай айылынын жашоочулары Исфара-Ворух жолун жаап салган. Ушул эле күнү эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана чек ара кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн", - деп билдерет басма сөз кызматы.

Буга чейин Ак-Сай айылындагы Исфара-Ворух унаа жолу жабылып, кайра 4-июлга караган түнү саат 1де ачылганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2019-07-04 11:36:51
Кечээ бир негрди сабап койгон кыргызды срочно 1-2саатта эле кармай койдунар эле, кана кыргыз жаранын сабаган тажикти таап коргулочу эми.
+17
Omush94
2019-07-04 13:40:55
bond02,ак сөз кана тапкылачы, кайда карап отурасың министр Абылгазиев тапшырма бер тапсын. Жөн эле маңкурт дегиң келет.
+6
Dalil
2019-07-04 12:27:59
Биздикилер ушундайда бирөө башка жеп больницага түшсө, калгандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Президент келип кеткиче жөн тургула десе керек.
+4
monster_high_98
2019-07-04 12:32:15
Бир чек араны чече албаган немелердин бизге не кереги бар
+5
talaa11
2019-07-04 13:26:20
Кыргыз Тажик чекарасын жаап эле салыш керек
+4
Omush94
2019-07-04 13:41:24
talaa11,бул да жакшы вариант
+5
KG.Kushtarbek
2019-07-04 17:07:22
Ошо ворухду убагында акаевдин доорунда чечилиш керек еле Азрда чечсе болот бирок ото татаал жол мн
+1
senchi
2019-07-04 17:07:56
Чек араны чечтиби президент бүгүн барып, же масаланин масаласин чечалбай калдыбы.
+1
Snejana
2019-07-04 22:55:05
Атамбаевди колдоп митингге барып аткандарды жибергиле. Мекенчил болуп корунуп аткан Мискенбаев менен карамушкина срочно барып келишсин. Чыныгы карапайым жашоо, чыныгы элдин койгойу, чыныгы эл-жерге болгон суйуу ошол жакта. Баткенчилер эч жака кетпей, туулуп оскон жерин коргоп отурушат. Чиновниктерге эмне кайгы. Элмирбек Иманалиевдин ырын угушса жакшы болмок.
+1
meni_kut
2019-07-05 09:33:01
Snejana,Аларга акча толосон анан барса керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан