Өкмөт 2023-жылга чейин Кыргыз өлкөсүн алдыңкы 40 мамлекеттин катарына киргизүү планын койду

"Бизнес жүргүзүү" рейтингинде Кыргыз Республикасынын позицияларын жакшыртуу боюнча өкмөттүн 2019-2020-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы 2023-жылы “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кирүүгө тийиш.

Дүйнөлүк банктын акыркы маалыматтары боюнча, быйылкы жылы Кыргыз Республикасы “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча дүйнө жүзүнүн 190 өлкөсүнүн ичинен 70-орунда, тагыраагы, өткөн жылдын отчёттук мезгилине салыштырмалуу 7 позицияга жакшырган.

Рейтингде өлкө позициясы жакшырганына карабастан, Кыргыз Республикасы "Электр тармактарына кошуу", "Келишимдерди аткарууну камсыздоо" жана "Салык" сыяктуу көрсөткүчтөрдү, ишти жакшыртууга тийиш.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк Банктын “Бизнес жүргүзүү” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча 2019-2020-жылдарга иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Chungyz
2019-07-04 16:40:19
Жомок
+7
senchi
2019-07-04 16:48:38
Ошол жылы президенттик шайлоого жетип алалы десенер темасын
+9
aydinnur
2019-07-04 16:52:08
"Каралар"кайра баш көтөрүп , бизнеске тийише баштаган учурда,көп жергиликтүү бизнесмендер жакшы заман келгиче деп акчасын чыгарбай ката баштаганда 40 орунга чыгабыз деп күлкүнү келтирди да жомокчу өкмөт)))
+7
senchi
2019-07-04 16:59:31
Сооронбай Жээнбеков Баткенге барганындагы теманын ачып койсоңор, Баткенге барып очко чогултуп жүрөбү.Чек аранын маселесин чечтиби? Сабырдуулука чакырды дейт эмне сабырдуулук деп Тажиктерден таяк жеп олтура берелиби.
+13
JENTLEMAN
2019-07-04 17:09:18
ХХХХХХХ, на оборот чөгүп жок болуп кетип жаткан 40 өлкөнүн катарына кошосуңар.
+6
Bars88
2019-07-04 17:12:50
Ооздун желин аябай 1-же 2-деп койбойбу.Айтса эле кирип калмак беле аны иштеш керек жебей.Биздин чондор азырак дегенде давно эле онугуп кетмекпиз
+2
Dembele84
2019-07-04 17:25:07
Бул жомок,элди алаксытып кичине жеп алалы деген эле нерсе. Акаев да убагында биз келечекте экинчи Швейцария болобуз деп алдап келген,итогун азыр эмне болуп жатат озунор коруп турасынар.
+4
Saidochka
2019-07-04 18:41:16
Dembele84,Мына,отурабыз ...экинчи Швейцария болууп...дебейсинби;)
0
ruslanz
2019-07-04 17:26:52
30 жылдан бери эле ушинтип кележатышат,улам бир срокту коюп коюшат.Азыркы окмот дагы реформаны былтыр эле башташ керек болчу,чочугансып айтышат.Белгилуу эле,иштеп аткандай тур корсотуп коелу дегендери.
+2
Agayu
2019-07-04 17:42:25
Биринчи кезекте озунор онуккулочу айналайындар .Чимкирик тукуруктон чыгып алгыла андан кийин айткыла ..
+7
Adi010891
2019-07-04 18:07:25
Мамлетимдин онуконун корор бекенмин деги
+3
Saidochka
2019-07-04 18:42:40
Ушундай куру убадаларды бергенден уялып деле олушпойт экен го буларын.
+1
Saidochka
2019-07-04 18:44:43
Олконун бугунку абалын коруп туруп кантип коркпой эле суйлой беришет булар?30 жылда кыйратпаган бийлик,4 жылда эмнени кыйратат десен?
+1
Maks_shop
2019-07-04 19:33:48
Азыр деле кудайга шугур деп жашайлы эч кимден кем жерибиз жок для меня Kyrgyzstan namber one
0
bond02
2019-07-04 21:59:58
Ха ха хе, кулкун эле келет да.
+2
Taku.14.02
2019-07-05 04:44:33
bond02,кулку эмес чычкын келетго кулоберип ичин ооруганда
+2
Take_men
2019-07-05 09:46:04
Не все сразу дегендей.. арканды узун таштайлы туугандар. Мүмкүн Соке прогрессивдүү жаш адамга өткөрүп берээр бийликти. Мүмкүн алдыңкы 40 ка кирип калаттырбыз. Үмүттү үзбөйлү эч качан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан