Бишкектин Чүй кең көчөсү менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишиндеги тез тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт боюнча маалымат саат 19:29да ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:29да Свердлов райондук өрт өчүрүү кызматынан 1 бөлүм жөнөтүлгөн. Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз.