Таиландда турист коркунучтуу фильм көрүп жаткан жеринен каза болуп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Маалыматка ылайык, 77 жаштагы британиялык Беррнард Черринг кинотеатрга келип, коркунучтуу фильм көргөн. Тасма аяктап кинотеатрдагы жарыкты күйгүзүшкөндө турист жансыз отурган. Ал менен катарлаш отургандар тасма болуп жаткан учурда андан кандайдыр бир белгилерди байкабагандыгын айтышкан.
"Бир нече убакыт каза болгон адамдын жанында отуруптурбуз. Бизге бул коркунучтуу", - дешкен алар.
Ал эми полиция туристтин өлүмүнүн себеби белгисиз экенин, экспертизадан кийин гана белгилүү болорун билдиришкени айтылат маалыматта.