Ким Кардашьян сүрөтүн мыйзамсыз колдонгон компанияны 2 миллион 700 миң доллар айыпка жыкты

Америкалык актриса, фотомодель Ким Кардашьян АКШдагы айымдардын кийимин тигүү менен алектенген Missguided компаниясын 2 миллион 700 миң доллар айыпка жыкты. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

38 жаштагы фотомодель Missguided компаниясын сүрөтүн, атын социалдык тармактарда мыйзамсыз колдонгонун айыптап сотко берген.

Башында Ким Кардашьян компаниядан 5 миллион доллар талап кылган. Анын айтымында, ал Instagram баракчасынан ар бир пост үчүн 300-500 миң долларга чейин акча табат. Ал менин атымды колдонуп компания көп эле акча тапты деген пикирде. Соттун чечими менен Missguided бренди Ким Кардашьянга 2 миллион 700 миң доллар компенсация төлөп бермей болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан