Бишкекте сабалып каза болгон нигериялык жаран Али Тижжани Абубакардын сөөгү бүгүн, 5-июлда жерге берилет. Бул тууралуу ал директорлук кылган Cambridge School билим берүү борборуна байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, маркум Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушуна жакын жердеги көрүстөнгө коюлат. Ага жаназа Эркиндик-Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечитте окулат. Али Тижжани Абубакар Бишкек шаарында 20 жылдан бери жашаган.
"Ал студент болуп келген бойдон Бишкекте жашап калган. Нигерияда баласы жана жубайы бар. Анын өлүмү тууралуу жакындарына кабар берилип, бир тууган иниси келди", - дешти аталган мекемеден.
2-июлда социалдык тармактарда Бишкектин ортосунда жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги чет тил үйрөтүүчү мектептердин биринин директору 1985-жылы туулган Али Тижжани Абубакар экени айтылган.
Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Ал эми Нигерия жаранынын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырган. Бул кылмышка шектелип 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.