Бүгүн, 5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп, аны актады.
Ошондой эле ага сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынды.
Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган.