"Настоящее время" берүүсүнүн журналисти Жазгүл Эгембердиеваны Казакстандын соту өлкө аймагынан чыгаруу жана 5 жылга өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу боюнча чечим чыгарды. Буга сот Жазгүл Эгембердиева Казакстандын аймагына киргенден кийин 30 күн аралыгында каттоого турган эмес деген жүйөнү негиз кылган.
Ал өзүнүн интернеттеги баракчасына "Бүгүн Казакстанда кезектеги өкмөткө каршы митингдер уланат. Карагандадан борбор калаага кошумча аскерлер жана куралдар тартылды. Кечээ кечинде болсо мени үйүмдүн алдында полиция күтүп туруптур. Түндө мени бат эле депортациялады", - деп жазды.
Интернеттеги социалдык тармактын колдонуучулары эң катаал жаза колдонулганын айтып, кыргыз журналистин депортациялоону токтотуу үчүн жарандык активисттер укук коргоочуларга кайрылып жатышат.