Нигериялык жаран каза болгон окуядан кийин "Айчүрөк" соода борборунун администрациясы эскертүү таратты

Нигериялык жаран Али Тижжани Абубакар каза болгон окуядан кийин "Айчүрөк" соода борборунун администрациясы соода орундарын ижарага алгандарга эскертүү таратты. Анда соода борбордун айланасында күч колдонуу менен жаңжал чыкса катаал чаралар көрүлөрү жөнүндө жазылган. Билдирүүнү колдонуучулар сүрөткө тартып, интернетке жүктөштү.

"5-июлдан тартып кардарларга карата күч колдонуп же кадыр-баркына шек келтирүүчү сөздөрдү айткандарга чара көрүлөт. Администрация ижара келишимин жокко чыгарууга чейин барат. Бөлүмдөрдө сатуучулардын санын кыскартышы мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

2-июлда социалдык тармактарда "Айчүрөк" соода борборунун аймагында сабалган чет элдик жарандын видеосу тараган. Сабалган жаран Бишкектеги Cambridge School билим берүү борборунун директору 1985-жылы туулган Али Тижжани Абубакар экени айтылган. Ал Бишкекте 20 жылдан бери жашаганы белгилүү болгон. Анын сөөгү 5-июлда Арча-Бешик конушуна жакын жайгашкан көрүстөндө жерге берилди.

Бул окуядан улам өкмөт башчы чуулуу окуяга күнөөлүүнү тез арада кармоого ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, мыйзам жоопкерчилигине тартуу керек экенин белгилеген. Кылмышка шектелип 22 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
rysik79
2019-07-07 00:13:59
Бейиши болгур негирди кыргыз бала эмне учун олтуруптур ошону жазгылачы?
+8
elnurin
2019-07-08 01:51:34
rysik79, китеп коп оку. Рассист болбо. Мындай термин Эч жерде колдонулбайт.
0
admin_portal
2019-07-08 15:29:52
Aza17
2019-07-07 00:51:43
Ызычуунун баары телфон саткан ХХХХ чыгат.
+19
Kyrgyz_bloger
2019-07-07 07:53:10
Жанжал кобунчо эски телефондон чыгат ошон учун цум дун подвалында,беш сарыда эски тел.сатылбай турган кылып жалан гана жаны сатыш керек ошондо онолот,эскилер интернет аркылуу сата берсин.
+18
Lekarstvosvoegomuja
2019-07-07 09:32:46
Бул байкушту неге сабады?
+2
ulanbek2000
2019-07-07 10:52:34
Ооба сатуучуларды дагы азайтыш керек. ЦУМга кирсен Ош базарга киргендей болосун
+9
asdef
2019-07-07 11:33:19
Подвалдагы текебер телефон саткандарды айдаш керек
+6
Chungyz
2019-07-07 12:04:54
Кирбей койгула оздору жок болушат
+6
karabet
2019-07-07 17:40:30
Урматсыз Кыргыздар
Силер озунор ушинтиш керек, чет элдиктер кооп журот, оордуна коюш керек дейсинер го.
Откондо арабды казактар урганда ырас кылыптыр дейсинер.

Олуп калгандан кийин байкуш, аллах бейиш берсин дейсинер.

Силер озунорду тушуносунорбу деги ??
+2
elnurin
2019-07-08 01:53:05
karabet, ошону айтсан. Жон эле суйлой беришсе болду
+1
admin_portal
2019-07-08 14:29:34
Azatbek.Svoboda., FC-Abdish-ata, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
dina
2019-07-10 01:12:26
Бала видеозвонок менен суйлошуп бара жатканда нигериялык отуп баратып эмне тартыпатасын деп жаман соз суйлоптур, тиги бала жур суйлошобуз деп экобу айтыша кетип колунан тартса тиги колун силкип тилдеп жибергенде кылмышкер уруп жибериптир. Бироонун ажалы, бироонун азабы. Уй булосун кыймылдатыпаткан бала болчу, апасы боздоп отурат камалып кетсе кандай кунду кором деп. Эмнеси болсо да жаман болду туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан