Ошто рулду башкара албай унаасы менен сууга түшүп кеткен айдоочу куткарылды

Ошто куткаруучулар унаасы менен сууга түшүп кеткен жаранды суудан куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Ош шаарында ДЭУ Матиз үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаасы жолдон чыгып сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар унаанын ичинен 1972-жылы туулган айдоочуну алып чыгышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда анын абалы туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан