Мурдагы маданият министри Марклен Баялинов дүйнө салды

Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Марклен Баялинов 5-июлда дүйнө салды. Ал 86 жашында каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

Марклен Баялинов 1933-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымаалы Баялиновдун үй-бүлөсүндө туулган. Алгачкы эмгек жолун 1955-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин искусство бөлүмүндө инспектор болуу менен баштаган. Аталган жылдан 1970-жылдарга чейин ошол бөлүмдүн башчысынын орун басары, башчысы кызматтарында иштеген. 1970-1972-жылдары маданият министринин биринчи орун басары, 1972-1984-жылдары Кинематографисттер комитетинин төрагасы, 1984-1985-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын башкы директору кызматтарын аркалаган.

1985-жылдан 1989-жылга чейин маданият министри болгон.

Марклен Баялинов менен коштошуу зыйнаты 8-июлда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан