"Так талашуу оюну" сериалындагы ролу менен белгилүү болгон шотландиялык актёр Ричард Мэдден 33 жашында искусствонун доктору болду. Ал Шотландиядагы падышалык консерваториянын искусство бөлүмүндө билим алганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен жумушумдун көптүгүнөн бүтүрүү кечесине бара алган эмесмин. Окуу жайды 12 жыл кеч бүттүм", - деген актёр.
Маалыматка ылайык, актёр 2007-жылы окуу жайды аяктамак. Бирок сериалдарга тартылуу иштеринен бошобой, окуусун өткөрүп жиберген.
Ричард Мэдден "Жан сакчы" сериалындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.
Актёр 1986-жылы 18-июнда Улуу Британиянын Элдерсли кыштагында төрөлгөн.