Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы 85 жашында дүйнө салды. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
"Премьер-министрдин апасы Жеңилдик Абылгазиева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Маркум Мухаммедкалый Абылгазиевдин үй-бүлөсү менен чогуу жашачу. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июлда болот", - дейт басма сөз кызматынан.
SUPER.KG порталы Мухаммедкалый Абылгазиевге жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.