
Екатеринбург шаарында киши колдуу каза болгон
Камчыбек Каримовдун өлүмүнө шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу орусиялык басма сөз каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири славян улутундагы адам.
"Азыркы тапта шектүүлөрдү кармоо үчүн бардык күч аракеттер жумшалып жатат. Толук маалымат кийин берилет", - деп жазылган маалыматта.
Уралдагы Кыргыз диаспорасынын мурдагы өкүлү Камчыбек Каримов 2-июль күнү киши колдуу
каза болгон. Шектүүлөр Каримовду үйүнүн алдында күтүп турушкан. Баштыкта акча көтөрүп келе жаткан Каримов качканга аракет кылган. Бирок аны алгач бутка, андан соң курсакка атышкан. Акчаны алган кылмышкерлер унаага түшүп кетишкен.
Ал эми элчиликке байланышканыбызда азыркы учурда шектүүлөр аныкталгандыгы тууралуу маалыматы жок экенин билдиришти.