Тажикстанда бир абактан экинчи абакка жеткирилип бараткан 14 кылмышкер каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Белгилүү болгондой, 7-июль күнү Хужанд жана Истаравшан колонияларынан Дүйшөмбүдөгү Нурек жана Яван колонияларына жеткирилип бара жаткан 128 кылмышкердин 14ү каза болду.
"Тажик өлкөсүнүн Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы кылмышкерлер нанга ууланып каза болгонун айтышты. Белгилүү болгондой, кылмышкерлерди жеткирип бара жаткан кербен 6 жолу жолдо токтогон. Тамактануу учурунда кылмышкерлердин бирөөсү 16 адамга 3 нан тараткан. Жарым саат өтпөй кылмышкерлер өзүн жаман сезе баштаган", - деп жазылат маалыматта.
Дарыгерлер бардык аракетин жумшап, ууланган 16 адамдын ичинен 2 гана адамды сактап кала алышкан. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, атайын тергөөчү топ түзүлгөн.