Социалдык тармактарда Соң-Көл жайлоосунда орнотулган дааратканалар тууралуу видео тарап, талкуу чордонуна айланды.
Алгач аталган видеодогу даараткананы көргөндө кайсы бир заманбап эс алуучу жайдын же соода борбордуку деп ойлойсуң. Бирок видеонун аягында эшик ачылып дааратканалар Соң-Көл жайлоосунда орнотулганын көрүүгө болот.
Көпчүлүк колдонуучулар өлкөгө туристтерди тартуу үчүн алгач дааратканаларды орнотуп анан гана башка шарттарды түзүү керек экенин жазып чыгышты.
Айрым маалыматтарга караганда аталган дааратканаларды туристтик фирмалардын бири орноткон.