5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган эле. Ал Апрель революциясына, жүзгө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Асия Сасыкбаева жооп берди.
Анын пикиринде, Конгантиев жазага тартылышы керек. "Бакиев жана анын айланасындагылар элди жаман абалга жеткирип, жыйынтыгында 2010-жылдагы революция орун алды. Айланасындагылардын арасында Конгантиев болгон. Ал кезде оппозиция өлкөдө кырдаал курчуп жатат деп көп жолу айтып келген. Ошондой эле оппозиция Курманбек Бакиевдин ишиндеги кемчиликтерди айтса да, Бакиев жана тарапташтары буга көңүл бурган жок.
Бийлик коркутуу, адам өлтүрүү менен алек болуп оппозицияга басым көрсөткөн, сөз эркиндигин чектеген, адам укуктарын тебелеген. Канчалаган адам каза болгон жана жабыркаган. Буга тиешеси бар чиновниктер жазасын өтөбөсө, демек, биз 7-Апрелде балдардын каза болгонуна уялбай, көңүл бурбай койгон болобуз. Ошондуктан Конгантиев жазага тартылышы керек. Сот "анын күнөөсү бар" деген чечим чыгарып, бирок Таласта катуу сабалганын эске алып, жеңилдетилген жазаны берсе болмок. Конгантиевдин эч кандай күнөөсү жок десек, 2010-жылы жабыркагандардын бетине түкүргөндөй болобуз", - деди Сасыкбаева.