Бүгүн, 8-июлда Биринчи Май райондук сотунун алдында Апрель революциясынын баатырлары Молдомуса Конгантиевдин акталып чыгышына нааразычылыгын билдирип митинг өткөрүштү. Бул тууралуу митингдин катышуучусу билдирди.
Маалыматка ылайык, митингдин катышуучулары соттун чечими менен макул эмес.
"Соттун чечимине макул эмеспиз. Ал 2010-жылы болгон окуялардагы күнөөсү үчүн жоопко тартылышы керек", - дейт митингдин катышуучусу.
Айта кетсек, 5-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актаган. Ошондой эле ага сыртка чыкпоо боюнча чечим жокко чыгарылып, мүлкү камактан алынган.
Эске салсак Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган.