5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков жооп берди.
Анын айтымында, Конгантиев юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек. "2010-жылдагы башаламандыкка анын жоопкерчилиги бар болушу мүмкүн. УКМКнын, Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери жазасын өтөштү да. Эмнеге Конгантиев акталганын билбейм. Балким, анын Таласта токмоктолгону жаза катары эсептелген болушу мүмкүн, бирок ал юридикалык жактан жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Артыков.