Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев: "Молдомуса Конгантиевдин акталганы бардык жактан туура". КҮНСОБОЛ

5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Бакиевдин тушунда башкы прокурор болгон Элмурза Сатыбалдиев жооп берди.

Анын айтымында, Конгантиев айыпталуучу эмес, ал жабырлануучу. "2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда Конгантиевдин кандай кылмышы бар? Кайсы бир адамды жоопко тартып жатканда, кылган кылмышы үчүн тартыш керек да, ошого көңүл буруу зарыл. Мен Конгантиевдин сотуна баргам. Жеке пикиримде, ал айыпталуучу эмес, жабырлануучу. Конгантиевдин 7-Апрелдеги окуя боюнча акталганы юридикалык жактан да, бардык тараптан да туура. Бул чечимге ким нааразы болуп жатат, ал башка маселе", - деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан