Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү түшүп кеткен чиновниктин кызы апасын жана инисин табууга жардам сурайт

Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира апасын жана инисин табууга жардам сурайт. Ал издөө иштерине эркек кишилер керек болуп жатканын айтат.

"Апам менен инимди 7 күндөн бери издеп жатабыз. Кайдыгер карабаган мырзалар, силерден жардам берүүңүздөрдү суранам. Апам менен инимди таап, акыркы сапарга узатып, жерге беришим абзел. Мага камера, дрон менен иштей алгандар жана ыктыярчылар керек. Азыркы тапта ӨКМнын кызматкерлери, туугандар болуп жалпысынан 100дөн ашык адам издөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Биз Суусамыр-Жумгал аймагындабыз", - деди ал.

Жардам берүүнү каалагандарды 0(555) 484-883 номерине байланышып коюуну суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2019-07-08 21:34:32
Кыргызстанда болсом чын дилимден жардам берет элем, урматтуу мекендештер жардам колунуздарды аябаныздар! !!
+26
Nestana95
2019-07-09 11:44:28
Ии табылса экен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан