Баткенде изделип жаткан жаранды Тажикстандын УКМКсы кармап кеткени белгилүү болду

Баткен районунда 5-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы жаранды Тажикстандын УКМКсы эки Тажик жараны менен кошо алып кеткени аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматы жарандарды эмне себептен Тажикстанга алып кирип кеткени боюнча азырынча маалыматтар жок. Учурда кармалган жарандар ал жактан чыга элек. Териштирүү иштеринде алардын эмне себептен кармалганы белгилүү болот", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин Баткен районунун Достук айылынын 27 жаштагы тургуну М.Г. 5-июлдан бери дайынсыз болуп изделип жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2019-07-08 23:33:29
Ушул тажиктер тойгозду... Чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылабыз,"урматтуу" башы чоңдор.
,
+3
kazakov1991
2019-07-09 00:03:34
контра банда менен иш кылса керекта
0
Jeenbek.
2019-07-09 08:10:19
Кандай иш кылганда дагы кыргызстандан кантип алып Кетти,башка олконун укмкасы ошону иликтеш керек,биздин олкодогу укмка менен бирге кармаш керек
+1
Sogushov
2019-07-09 08:14:18
Баткендеги УКМКАНЫН башчысы чек аранын башчысы олуп еле калбайсынарбы Кыргызстанга кирип иим же укмкадан уруксат сурабай туруп кармап кетип атса биздин укмка дырка еле екен да саясий кугунтукка еле жараган!
+2
Altyn2017
2019-07-09 16:01:28
негизи Тажиктер менен чек араны тосуш керек бир жактуу кылып алар мына Баткенге каалагандай кирип чыгып эле журушөт биз андай кылалбайбыз ТАЖИКстанда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан