Бишкекте балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы ачылды

Кечээ, 8-июлда Бишкек шаарында Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде курулган балдардын оюн аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге жеке ишкерлер, коомдук ишмерлер келип куттуктоо сөздөрүн айтышты. Ошондой эле Бишкек шаарынын тургундары, жеткинчек бөбөктөр да катышты.

Жакшы саамалыкты актёрлор тарабынан даярдалган балдар үчүн оюн-зоок сынактары, ыр-бий коштоду.

Кошумчалай кетсек, жаңы салынган оюн аянтча жеке ишкерлер тарабынан каржыланып, салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2019-07-09 10:27:15
Чоң детский одеалды алпарып оюнчуктарды алып барып бир портер менен ошондой эле болуп калыптырго? Ошол да жаңылыкбы мэрияга?
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан