Грецияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо "Жаңы демократия" партиясы жеңишке ээ болду

“Жаңы демократия” партиясынын лидериГрецияда мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо оппозициядагы оңчул-борборчул "Жаңы демократия" партиясы эң көп добуш алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Ички иштер министрлиги добуштардын 90 пайызы саналып бүткөндөн кийинки жыйынтыкка ылайык, "Жаңы демократияны" шайлоочулардын дээрлик 40 пайызы колдогонун маалымдады.

Премьер-министр Алексис Ципрастын СИРИЗА партиясы 31,6 пайыз добуш алды.

Ортодо айырма өтө чоң болбогону менен, "Жаңы демократия" парламентте эми көпчүлүктү түзөт, анткени ага кошумча 50 орун берилди.

Премьер-министр Ципрас Грецияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин 26-майда анын партиясы Европарламентке болгон добуш берүүдө утулуп калгандан кийин жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан