Индияда автобус көпүрөдөн түшүп кетип, 29 адам каза болду

Индияда жүргүнчүлөрдү ташыган автобус көпүрөдөн түшүп кетип, 29 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ Агра шаарында орун алган.

"Автобустун ичинде 40 адам болгон, анын 29у оор жаракаттардан улам каза болуп, калгандары ар түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кырсык айдоочу рулду башкара албай калгандан улам келип чыккан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikaaaa
2019-07-09 09:41:39
Эми кырсык болсо болду деп жазат да, түнү менен, же таң атпай кырсык болсо ага да АША же супер күнөөлүбү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан