Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Конгантиевдин акталганы мыйзам ченемдүү эле нерсе". КҮНСОБОЛ

5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.

SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев "жок, менимче андай деп түшүнүүгө болбойт" деп жооп берди.

"Муну 2010-жылдан бери укук коргоо жана тергөө кызматтарынын кыянаттыгы катары кабыл алуу керек. Анткени ошол учурдагы министр Конгантиевдин түздөн-түз тиешеси бар кылмыштуу иштерди тактап, тергеп, анын моюнуна коюунун ордуна жалпыланып, жылмаланган айып тагылган. Сотто Садыркуловдун, Слепченконун жана башкалардын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, ага чейин Садыркуловго кулак жана манжаларды кесип жөнөтүү, бир канча журналисттерди өлтүрүү жана аларга кол салуу сыяктуу кылмыштарга Конгантиевдин тиешеси бар экендигин далилдеген кылмыш иштери өткөрүлгөн эмес, алар каралган да жок.

2010-2011-жылдары анын ден соолугуна байланыштуу бүгүн жок эртең көз жумуп кетеби деген кооптонуудан улам тергөө иштерин гумандуулуктун негизинде токтотуп турушту деп түшүнүүгө болот, ал эми андан кийин Атамбаев кандай себептерден улам калкалап, жашырып келгенин түшүнүү кыйын. Ошондуктан акталып жатканы мыйзам ченемдүү эле нерсе", - деди Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан