Кечээ, 8-июлда Вашингтондо нөшөрлөгөн жаан жаап бир нече аймакты суу каптады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, суу метролорду, Ак Үйдүн айрым жерлерин каптаган. Президенттин маалымат кызматы суу каптаган жумуш ордуларынын сүрөтүн жарыялашкан.
"Вашингтондун көчөлөрүн суу каптады. Айдоочулар унааларын таштап сууда сүзүп коопсуз жерлерге жеткенге аргасыз болгон. Нөшөрлөгөн жаандан улам көптөгөн аймактар электр жарыгы жок калган", - деп жазылат маалымат.