Инстаграм социалдык тармагы негативдүү билдирүүлөрдү азайтуу максатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Бул тууралуу компания өзүнүн блогунда кабарлады.
Маалыматка ылайык, жакын арада Инстаграмда жасалма интеллект ишке кирет. Ал кемсинтүүчү, сөгүнгөн сөздөрдү аныктайт. Алар табылган убакта колдонуучудан "сиз ушул контентти жүктөгөнгө макулсузбу?" деген билдирүү чыгат.
Дагы бир жаңычылдык - "чектөө" функциясынын пайда болушу. Бул функциянын жардамы менен колдонуучу сүрөтүнүн алдына жазылган билдирүүнү жашыра алат. Ойлоп табуучулардын айтымында, аталган функциялар адамдарга пикир келишпестиктерден алыс болууга жардам берет.