Экс-элчи Кылычбек Султан: "Адилетсиз бийлик менен күрөшүү - бул адал иш". КҮНСОБОЛ

8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна экс-элчи Кылычбек Султан жооп берди.

"Эгерде бийлик адилетсиз болсо, коррупциялашкан болсо, андай бийликти таануудан баш тартуу, андай бийлик менен күрөшүү - бул адал иш" деди Султан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан