Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан каза болгондордун саны 24 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дагы 9 адам учурда дайынсыз болууда. "Медициналык жардам сурап ооруканаларга 3 миң 300 адам кайрылса, анын 457си ооруканага жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда куткаруучулар атайын техника менен начар абалдагы үйлөрдү жана имараттарды бузуп, аймакты таштандылардан тазалап жатышат. Мындан тышкары турак жайлардан сууларды чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле суу ташкынынан жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатат. Каза болгондордун туугандарына миллион рублдан, мүлкүнөн ажырагандарга 50-100 миң рублдан берилүүдө. Жалпысынан 23 822 тургунга компенсация төлөндү.