Красноярскта кошунасы катуу музыка койгону үчүн аны муунтуп өлтүрүүгө шектелген эки аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Красноярсктагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган.
"Бир кабат ылдый жашаган кошунасынын музыкасы катуу чыкканына нааразы болгон 2 аял анын батирине барган. Жамандыкты күтпөгөн аялды үстүнөн басып кулаган 2 кошунасы аны муунтуп баштаган. Бактыга жараша, жабырлануучу ачууланган эки аялдан качып кутулган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.