Улуу Британияда линзасын чечпей душка түшкөн 29 жаштагы адамдын бир көзү көрбөй калды

Улуу Британияда линзасын чечпей душка түшкөн 29 жаштагы адамдын көзү көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Шрусбери шаарынын Ник Хамфрис аттуу тургуну учурда дагы бир оор операцияга даярданууда.
"2018-жылы Хамфрис оң көзүнүн карегинде так пайда болгонун байкаган. Кийин дарыгерлер инфекция экенин жана ал линзага суу тийгенден пайда болорун аныкташкан. Арадан көп өтпөй анын көзү такыр көрбөй калган. Бүгүнкү күнгө чейин ага бир нече операция жасалган, бирок жылыш болгон эмес. Учурда анын карегине оор операция жасалышы күтүлүүдө. Ник бул тууралуу "мындай нерсе башыма түшөт деп эч качан ойлонгон эмесмин. Эгер линзанын айынан көзүмдөн айрылып каларымды билгенимде аны эч качан колдонбойт болчумун" деп айткан", - деп айтылат маалыматтта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2019-07-10 12:35:16
Мен толтура жолу линза менен душка кирип кетчумун,Кудай сактаганго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан