"Коопсуз шаардан" түшкөн акчанын бир бөлүгүнө "Тез жардам" унаалары сатып алынат

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалым болгондой, өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү медициналык "Тез жардам" кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчалар бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык "Тез жардам" машиналарын алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, медициналык "Тез жардам" унааларына болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу "Тез жардам" унааларын сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Agayu
2019-07-10 11:16:06
Калган акчалар Швецарияга кетеби ?
0
Jango
2019-07-10 11:21:42
Алсанар да китайский тез жардам машина эмес мерседес или фиат маркаларындагы автомашина алгыла
0
zevs
2019-07-10 12:35:52
Jon ele aytsanar bolmok eldi kiynabay mynchadan chogultup bergile tezjardam mawina alabyz dep.ochoygon wtraf salyp eldi kiynabay
0
Chungyz
2019-07-10 14:08:08
Канча миллионго аласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан