Малайзиянын учурдагы премьер-министри, көрүнүктүү саясатчы Махатхир Мохамад бүгүн, 10-июлда 94 жашка чыкты. Ал 1925-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Жарым кылымдан бери саясатта жүргөн Мохамад - кесиби боюнча дарыгер. Ал Сингапурдагы медициналык университетти аяктаган. 1946-жылы ал жаңы түзүлгөн Малайзиянын улуттук бириктирилген уюмунун мүчөсү болуп кирген. Ал эми 1964-жылы уюмдун катарында парламент мүчөсү болгон. 1969-жылы өкмөт башчыга кескин сын айтканы үчүн парламенттен кеткен.
Ал эми 1972-жылы жаңы премьер-министрдин буйругу менен парламентке кайтып келип, сенатор болуп дайындалган. 1974-жылы билим берүү министри болуп эмгектенген. 1976-жылдан 1981-жылга чейин премьер-министрдин жардамчысы болуп эмгектенген.
Ал эми 1981-жылдан 2003-жылга чейин өкмөт башчы кызматын ээлеп турган. 15 жылдык тыныгуудан кийин Мохамад 2018-жылдын 10-майында кайрадан премьер-министр болуп дайындалган.
Муну менен ал кызматта отурган дүйнө жүзүндөгү эң картаң өкмөт башчы болуп калган. Министрдин 7 баласы бар. Бардыгы мамлекеттик кызматтарда иштешет.
10-июлга карата жылнаама.