Сауд арабиялык ханбийке сантехникке кол көтөрдү деген айып менен сот алдында жооп берет

Сауд арабиялык ханбийке Хасса бинт Салман аль Сауд сантехникти курал колдонуу менен кордоду деп күнөөлөнүп Францияда сот алдына чыгат.

Маалыматка ылайык, египеттик сантехник Ашраф Идди үйдүн ичинде оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан маалда ханбийке өзүнүн жан сакчысы менен жумушчуну кордошкон делген иш каралууда.

"Сантехниктин айтымында, ал жуунуучу бөлмөдөгү буюмдарды сүрөткө тартып жаткан мезгилде ханбийкенин жан сакчысы аны көрүп калып, байлап Хасса бинт Салман аль Сауддун бутун өбүшүн талап кылган. Андан соң экөө биргеликте жумушчуну курал менен коркутуп кордук көрсөтүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Окуя 2016-жылы болгон. Айыптоочу ханбийкени шарттуу түрдө 6 жылга эркинен ажыратып, 5 миң евро айып салуусун талап кылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан