Бишкекте 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Камила Качкымбаева аман-эсен табылды. Мындай маалыматты анын курбусу SUPER.KG`ге билдирди.
Анын айтымында, Камила бүгүн, 10-июлда Чыгыш 5 кичи районунан милиция кызматкерлери тарабынан табылган. Ал эмне себептен үйүнөн чыгып кеткенин айткан эмес. Акыбалы жакшы. Учурда ата-энесине өткөрүп берилген.
Камила Качкымбаева 6-июлда кечки саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп изделип жаткан.